7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жерде магниттик бороон башталды. Бул октябрдагы төртүнчү бороон

254

Күндүн короналдык тешигинин таасиринен улам Жерде магниттик бороон башталды. Бул тууралуу Интерфакс Космостук изилдөө институтунун Күн астрономия лабораториясы жана Россия Илимдер академиясынын Күн-Жер физикасы институтунан билдиришкенин жазды.

Маалыматка караганда, бороондор башында орточо болот деп күтүлгөн жана азырынча божомолго дал келет. Бороон G1 деңгээлинде катталып, G2ден ашпашы мүмкүн. Негизинен шкала боюнча беш градация бар.

Окумуштуулардын белгилешинче, бул октябрь айындагы төртүнчү магниттик бороон.

Магниттик бороондордун саны экинчи ай катары менен көбөйдү. Сентябрь айында беш бороон болгон.

Геомагниттик толкундардын көбөйүшү Жердин Күндөгү салыштырмалуу анча чоң эмес короналдык тешигинин туш келишине байланыштуу экени айтылууда.

255