7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров алгачкы жолу Мисирге расмий сапары менен барат

24
Президент Садыр Жапаров Мисир Араб Республикасынын президенти Абдель Фаттах Ас-Сисинин чакыруусу боюнча 4–5-ноябрда кыргыз-мисир мамилелеринин тарыхында биринчи жолу Мисир Араб Республикасына расмий сапар менен барат. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
Бул сапар Кыргызстандын Мамлекет башчысынын эгемендүүлүк жылдарындагы Африка континентине болгон алгачкы расмий сапары болуп саналат.
«Сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров менен Абдель Фаттах Ас-Сисинин ортосунда эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр пландаштырылган, ошондой эле эл аралык жана аймактык күн тартиби боюнча пикир алмашуу болот. Расмий сапардын алкагында экономика, айыл чарба, инвестиция, энергетика, саламаттыкты сактоо жана башка багыттар боюнча бир катар эки жактуу документтерге кол коюу каралган, алар кыргыз-мисир алкаларынын мындан аркы өнүгүшүнө негиз түзөт», — деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.
25