7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жакында чет өлкөлүк номурлуу унааларга рейд жүрөт

252

Жакынкы күндөрү чет өлкөлүк номурлуу унааларга карата рейд жүргүзүлөт. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Эмил Жакыпов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин башка мамлекеттик кызматтар менен биргеликте өткөрүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө 1000ден ашуун чет өлкөлүк номурлуу унаалар аныкталган.

Бул багытта өлкө башчысынын жарлыгына ылайык, 1-октябрга чейин мөөнөт белгиленип, өлкө аймагында мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк номурлуу унааларга 10-аймактык мамлекеттик кыргыз номурларын алуу талабы коюлган. Кыргыз номурларын өз убагында албаган чет өлкөлүк унаалар тетик катары сатылышы, өлкөдөн чыгарылышы же утилдештирилиши керектиги эскертилген.

Рейд учурунда аныкталган чет өлкөлүк номурлуу унаалар айып короо жайына токтотулуп, андан ары чыгарылбай, утилдештирилери маалымдалды.

253