7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандык окуучулар Омар Хайям атындагы эл аралык олимпиадада алтын медаль жеңишти

20

Кыргызстандык окуучулар Омар Хайям атындагы математика жана информатика боюнча эл аралык олимпиадада 10 медаль, 2 ардак грамота жеңип алышты.

Агартуу министрлиги билдиришкендей, олимпиада 2025-жылдын 5-9-ноябрында Душанбе шаарында өтүп, ага 8 өлкөдөн 96 окуучу катышты.

Кыргызстандын командасы олимпиаданын жыйынтыгында 10 медаль жеңип, 1-орунду ээледи.

Катышкан өлкөлөрдүн жалпы жыйынтыгы:

  • Кыргызстан — 10 медаль;
  • Тажикистан — 8;
  • Казакстан — 8;
  • Өзбекстан — 7;
  • Беларусь — 4;
  • Түркмөнстан — 2;
  • Армения жана Камбоджа — медаль жок.

Кыргызстандык окуучулардын жыйынтыктары:

Математика (кенже категория, 7–8-класстар)

  • Акимов Ариет, «Газпром Кыргызстан» мектеби — алтын медаль;
  • Саят Арлан, «Газпром Кыргызстан» мектеби — алтын медаль;
  • Жаратов Нурмухаммед, ОК «Маариф» — күмүш медаль;
  • Турганбеков Артык, СОШ №61 — ардак грамота.

Математика (жогорку категория, 9–11-класстар)

  • Акенеев Тимур, «Газпром Кыргызстан» мектеби — коло медаль;
  • Мусаходжаев Султан, ОК «Маариф» — коло медаль;
  • (Тренерлер: Ишматов Мамат, Жолдубай уулу Бекжол, Аманов Айбар, Эльчибек кызы Кундуз)
  • Шакиралиев Адилет, Академия Купуева — ардак грамота;
    (Тренер: Абдураимов Шумкарбек)
  • Сапарбеков Умар, Жайыл Баатыр лицейи катышуу;
    (Тренер: Байбаев Сусарбек).

Информатика (кенже категория, 7–8-класстар)

  • Эмирхан Сыдыкбаев, «Газпром Кыргызстан» мектеби — күмүш медаль;
  • Бектен Абдувалиев, International School of Kyrgyzstan — коло медаль;
    (Тренер: Мирбек Бакиров)
  • Айназик Джусупова, Intellect Pro School — катышуу;
  • Ырысбаев Эмир, Intellect Pro School — катышуу.
    (Тренер: Медербек Осмонов)

Информатика (жогорку категория, 9–11-класстар)

  • Рамазан Мананов, Сейтек STEM мектеби — алтын медаль;
  • Али Арапов, Сейтек STEM мектеби — күмүш медаль;
  • Нурислам Карыпжанов, лицей Ч. Айтматова «Сапат» — коло медаль;
    (Тренер: Кылычбек Урайымов).
  • Байыш Минбаев, Академия Купуева — катышуу.
    (Тренер: Абдураимов Шумкабек)

Мындан тышкары, Кыргызстандын өспүрүмдөр командасы командалык эсепте 1-орунду ээлеп, Гран-при —Хайям кубогун, «Рубайят Хайяма» китебин жана 1000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акчалай сыйлыкка ээ болушту.

KhIMIO – бул таланттуу мектеп окуучулары үчүн илимий жөндөмдөрдү өнүктүрүүгө, жаш таланттарга дем берүүгө жана математика жана информатика жаатында эл аралык кызматташтыкты арттырууга багытталган инновациялык эл аралык олимпиада.

21