7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзгөн “Acron” ЖЧКсы жабылды

119

Кечээ, 10-ноябрда Бишкек шаарында мыйзам чегинен сырткары иш жүргүзүп келген “Acron” ЖЧКсынын иши аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө “Arcon” ЖЧКсы курулушка эч кандай уруксат кагаздары жок, реестрде катталбаган, мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзүп, социалдык тармактар аркылуу турак үйлөрдү сата баштаганы аныкталган.

Натыйжада, Курулуш министрлиги тарабынан аталган компаниянын иши толук токтотулуп, сатуу бөлүмү жабылды. Ошондой эле, бул факты боюнча тиешелүү материалдар Укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.

Урматтуу жарандарды турак үй сатып алардан мурда ал объект курулуш объектилеринин реестринде катталган же катталбагандыгын тактап, келишим түзүүгө чакырабыз.

120