7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 150 млн сомго бааланган 6 гектар жер мамлекетке кайтарылды

241

Бишкектин Көк-Жар айылынын 172-контурундагы 6 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жердин базар баасы 150 млн сомду түзөт.

Белгиленгендей, тергөө маалында айрым жарандар менен мамлекеттик кызматкерлер коррупциялык схема түзүп, айыл чарба жерлерин мыйзамсыз сатып келгени аныкталган.

Тергөөнүн жыйынтыгында 14 жаранга айып салынып, ал эми И.Ж., Б.А., С.Б., Б.И., О.И. С.Э. аттуу жарандар ыктыярдуу түрдө жалпы аянты 6 гектар болгон, баасы 150 млн сомдук жер тилкелерин мамлекетке кайтарып берген.

Жер тилкелери Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өткөрүп берилди.

Тергөө иштери улантылууда.

242