7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулукта үйүнө 1425 кг “эндик чөбүн” сактаган кытай жараны кармалды

196

Сокулук районунда мораторийге кирген эндик тамырынын мыйзамсыз жыйналышы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Төрт-Күл айыл аймагынын Почтовая көчөсүндөгү №77 үйүнөн табылган эндик чөбүнүн тамырынын жалпы салмагы 1 425 килограммды түзгөн.

Эндик чөп — убактылуу мораторий киргизилген өсүмдүк болуп эсептелет, анын жыйналышы мыйзам менен чектелген.

Аталган чөп тамыры ошол үйдө жашаган жаранга таандык экени белгилүү болду. Ал Кытай жараны болуп, акыркы 10 жыл ичинде Кыргызстандын аймагында жашап жүргөн.

Табылган чөптүн тамыры тиешелүү тартипте Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

197