7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чоң-Алай району толугу менен органикалык аймакка өтүүгө даяр

293

Чоң-Алай районунда толугу менен органикалык аймакка өтүү боюнча атайын семинар өттү. Бул тууралуу Суу чарбасы, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Иш-чарада дыйкандар жана айыл чарба адистери органикалык дыйканчылыктын талаптары, биологиялыкпродуктыларды колдонуу, табигый зыянкечтерге каршы күрөшүү ыкмалары жана органикалык сертификация алуу процесси боюнча кеңири маалымат алышты.

Министрлик семинардын максаты Чоң-Алайды экологиялык жактан таза айыл чарба өндүрүшү үчүн үлгүлүү аймакка айландыруу жана жергиликтүү дыйкандардын көндүмдөрүн жогорулатуу экенин белгилейт.

Эскерте кетсек, Чоң-Алай 2020-жылы расмий түрдө органикалык аймак деп жарыяланган. Азыр бийлик органдары жана адистер органикалык өндүрүштү кеңейтүү, химиялык заттарды жок кылуу жана сертификациялоо системасын ишке ашыруу боюнча аракеттерди күчөтүп жатышат.

294