7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ат-Башыда жаңы электр тармактарынын имараты пайдаланууга берилди

190

Бүгүн Ат-Башы райондук электр тармактарынын жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага министр Таалайбек Ибраев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Белгиленгендей, өткөн жылы энергетика министри иш сапары учурунда районду тейлеген 65 кызматкердин эскилиги жеткен имаратын көрүп, кызматкерлерге шарты бар заманбап имарат куруу тапшырмасын койгон.

Коюлган тапшырмага ылайык, имаратты куруу иштери 2025-жылы май айында башталып, алты ай аралыгында толук бүткөрүлдү.

Жалпы аянты 360 чарчы метр түзгөн бул имарат эки кабаттуу, 70 кызматкерге ылайыкталып курулган. Объекттин сметалык баасы 25 млн 326 миң сомду түзүп, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК тарабынан каржыланды. Ал эми курулуш иштерин түзүлгөн келишимге ылайык «Стрим Групп» ЖЧК тарабынан ишке ашырылды.

191