Жогорку Нарын ГЭСтеринен дайынсыз кеткен 37 миллион
9
«Нарынга жумуштар менен барып, сөз болуп жаткан Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын дагы көрө кетейин деп бурулдум. Түшүнүктүү болсун үчүн видеого да тартып алдым»,- деп Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков фейсбуктагы баракчасына жазган.
«2013-жылы Кыргыз Өкмөтү менен россиялык “РусГидро” ишканасы ГЭС куруу боюнча келишим түзүп, ага Атамбаев капсула салган. ГЭСти куруу даярдыктары жүрөт, бирок көп өтпөй эле кыргыз өкмөтү келишимди бир тараптуу жокко чыгарып салат. Орусиялык компания болсо 37 миллион доллар инвестиция салганын, ага айрым курулуштар жасалганын айтып келет. Кыргыз тарап келишимди бир тараптуу бузуп салды деп сотко берип, эл аралык соттон утуп алат.
Ошол кездеги кыргыз бийлиги инвестиция катары салынган 37 миллион доллар кайда жумшалганын ачыктаган эмес. “Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты” болгон.
37 миллион доллар жумшалган курулуштун абалы – видеодон көрө аласыздар. Ал сумманын пайызы өсүп, азыр 51 миллион долларга жеткен. Ошол кездеги бийликтин шалаакылыгы дейбизби, жемкорлугу дейбизби, айтор ушул долбоор үчүн мамлекетти 51 миллион доллар карызга батырган. Жыйынтыгы ноль!»,- деген Орунбеков.