7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров иш сапары менен Өзбекстанга барды

291

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда, Президент Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу боюнча Өзбекстан Республикасына иш сапары менен барды.

Мамлекет башчысынын учагы Ташкент шаарынын эл аралык аэропортуна конду.

Аэропортто Борбордук Азия мамлекеттеринин мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилген.

Президент Садыр Жапаровду Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Мамлекет башчысы сапарынын алкагында Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусуна катышат, ошондой эле Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

292