7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолукту 

289

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда, Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Кыргыз-өзбек кызматташтыгын мындан ары да чыңдоо маселелери, анын ичинде саясий диалогду өнүктүрүү, соода-экономикалык алакаларды, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы ишеним жана ынак коңшулук мамилелерди бекемдеген маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү талкууланды.

Тараптар туруктуу өнүгүүнү жана аймактык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн күч-аракеттерди координациялоонун маанилүүлүгүн белгилеп, эки жана көп жактуу форматта да өз ара мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаров Президент Шавкат Мирзиёевге кыргыз тилине которулган «Жаңы Өзбекстан: Шавкат Мирзиёевдин жолу» аттуу китепти тапшырды.

 

 

290