7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Идрисов: Быйыл помидор, калемпир жана картошканын түшүмү мол

10

Быйыл жашылча-жемиштерден помидор, калемпир жана картошканын, дан өсүмдүктөрүнөн жүгөрүнүн түшүмү былтыркы жылга салыштырмалуу жогору болду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди.

Анын айтымында, быйыл буудай менен арпанын түшүмү былтыркы жылга салыштырганда бир аз төмөнүрөөк болду.

“Эрте жазда суунун тартыштыгы, жайдын ысыктыгы түшүмдүүлүккө өз таасирин тийгизди. Бирок, айрым өсүмдүктөр жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөттү. Мисалы, быйыл Чүй өрөөнүндө помидордун түшүмү гектарына 120 тоннадан айланып, дүйнөлүк рекордго чыкты. Ал эми такталган маалыматтар боюнча дүйнөлүк рекорд катары 98 – 100 тоннанын тегерегинде помидор жыйноо буга чейин АКШда катталган экен. Негизинен помидордун түшүмдүүлүгү орточо 80-90 центнердин тегерегинде айланат”,- деди Идрисов.

Андан тышкары, Талас облусунда болгар калемпиринин, Кочкор районунда картошканын түшүмү мол болгону маалымдалды.

“Талас облусунда болгар калемпири гектарына 25-27 тоннадан алынды. Орточо түшүмдүүлүк негизинен 15-18 тонна алып жүрүшкөн. Ал эми Кочкор районунда картошкадан 35 тоннадан өйдө түшүм алып, чоң жетишкендик болду. Жыйынтыгында түшүмдүүлүк быйыл жаман эмес, кээ бир өсүмдүктөрүбүз былтыркы жылга салыштырмалуу ылдыйраак көрсөткүчтөрдү көрсөткөнү менен жалпысынан былтыркы жылдын деңгээлинде эле болду”,- дейт ал.

Ошондой эле өткөн жылы жагымдуу аба ырайына байланыштуу бардык өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгү жогору болгонун кошумчалады.

11