7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда U-17 Азия кубогунун тандоо оюндарын кабыл алат

7

Кыргызстандын U-17 Жаштар курама командасынын катышуусунда өтө турган 2026-жылкы Азия Кубогунун тандап алуу оюндары ушул жылдын 22-30-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында өтөт.

Беттештер Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда жана «Достук Арена» стадионунда өтөт.

Биздин курама «B» тайпасында беш курама команда менен күч сынашат.

Оюндардын жүгүртмөсү:

22-ноябрь | 15:00 | Кыргызстан — Йемен;

24-ноябрь | 19:00 | Кыргызстан — Пакистан;

26-ноябрь | 19:00 | Гуам – Кыргызстан;

28-ноябрь | 19:00 | Лаос – Кыргызстан;

30-ноябрь | 15:00 | Кыргызстан – Камбоджа.

Кыргыз Республикасынын U-17 өспүрүмдөр курамасы 12-ноябрь күнүнөн бери австриялык адис Александр Бауэрдин жетекчилиги алдында Бишкек шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрүүдө.

Кыргыз Республикасынын командасы катыша турчу оюндар оюн-зоок программалар менен коштолот. Мелдештин алкагында өтө турчу оюндарга кирүү акысыз.

Тандап алуу оюндарга жалпы 38 курама катышып, алар 7 тайпага бөлүнгөн. Ал эми, 2026-жылкы U-17 Азия Кубогунун финалдык этабы 2026-жылдын май айында Сауд Арабиясында өтүп, ага тандоо оюндарынын жыйынтыгында 7 курама жолдомо алат. Белгилесек, аталган Азия Кубогунун финалдык баскычынын жолдомолоруна 2025-жылкы Дүйнө чемпионатында ойногон Азиянын 9 курамасы автоматтык түрдө ээ болгон.

8