7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Быйыл Кыргызстанда 70 бейтапка бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды

3

Быйыл Кыргызстанда 70 бейтапка бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев “Кабар” агенттигинин “Кабар подкаст” берүүсүндө билдирди.

Анын айтымында, орган алмаштыруу операциялары өлкөдө акыркы жылдары абдан өнүгүп жатат.

“Мурда бизде ДНК шайкештигин аныктай турган жабдык жок болгондуктан, бейтаптар чет өлкөгө барып анализ тапшырып келишчү. Бул убакытты жана абдан көп каражатты талап кылчу. Ошондой эле операцияга керектүү башка жабдыктар да жетишсиз болчу. Ушундан улам бөйрөк алмаштыруу көп жүргүзүлчү эмес. Бүгүнкү күндө бул көйгөйлөр чечилген. Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен зарыл болгон заманбап жабдуулар сатып алынып, жеринде текшерүү жана операция жүргүзүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Эгер гемодиализдеги бейтап өзүнө ылайыктуу донор тапса жана ДНКсы шайкеш келсе, операция дароо жасалат. Азыркыга чейин болгон бардык операциялар ийгиликтүү өттү. Операция жасалган бейтаптардын абалы жакшы”, — деди Эркин Чечейбаев.

4