7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министр: Дарыгерлердин көбү шаардагы менчик ооруканаларга иштегилери келет

275

Дарыгерлердин басымдуу бөлүгү шаардагы жеке менчик клиникаларда иштегиси келет. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев “Кабар” агенттигинин “Кабар подкаст” берүүсүндө билдирди.

Анын айтымында, дүйнө жүзүндө дарыгерлердин тартыштыгынан улам “медициналык чөл” деген түшүнүк пайда болду.

“Кээ бир өлкөлөрдүн аймактарында таптакыр дарыгер жок. Ал жактарды “медициналык чөл” деп атап калышты. Кыргызстанда да ушундай эле көйгөй бар. Региондордо айлык маяна жогорулап, шарттар жакшырса да, дарыгерлерди тартуу кыйын болуп жатат. Медициналык жабдуулар жетиштүү болгонуна карабай, кадр тартыштыгы көйгөйү бар”,- деди министр.

Ал кошумчалагандай, бул көрүнүш шаардагы жеке клиникалардын жагымдуу шарттарына байланыштуу.

“Жеке клиникаларда шарттар жакшы. Дарыгерлердин жоопкерчилиги аз, анткени оор абалдагы бейтаптарды кабыл албай коюуга мүмкүнчүлүктөрү бар. Ал эми мамлекеттик ооруканада бейтап кандай абалда келбесин, сөзсүз кабыл алынат. Ошондуктан мамлекеттик мекемелерде жоопкерчилик өтө жогору”,- деп кошумчалады Чечейбаев.

276