Ички иштер министрлиги Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин массалык баш аламандыктарды уюштурууну көздөгөн деструктивдүү топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Анын курамына саясий ишмерлер, экс- депутаттар, мурдагы мамлекеттик кызматкерлер жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катышып, алар провокация жана күч кагылышуулары үчүн өз тарапташтарын, уюшкан кылмыштуу топторду жана спорттук бирикмелерди кошуп тарапкерлерин тартышкан.
Кармалгандар шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин түштүктөн баштап Бишкекте жана башка облустарда массалык нааразылыкты жаратып , өлкө боюнча бир катар митингдерди мерчемдешкен. Алардын мерчемдеринде Конституцияга каршы чакырыктар, ошондой эле административдик имараттарды, телеканалдарды, күч түзүмдөрүнүн объекттерин, курал-жарактарды жана пенитенциардык системанын мекемелерин басып алуу ыктымалдыгы болгон.
Топтун так иерархиясы жана ролдордун бөлүштүрүлүшү дагы болгон. «Координациялык топтор» саясий талаптарды коюуга тийиш болсо, кылмыштуу түзүмдөр күч колдонуу жагын камсыздамак. Айрым катышуучулар өздөрү үчүн келечектеги кызмат орундарын алдын ала бөлүштүрүп алышкан.
Тинтүү учурунда курал-жарактар, ок-дарылар, гранаталар, байланыш каражаттары, 150 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаттары, тополоңду каржылоо боюнча документтер, иш-аракеттер пландары жана баңги каражаттар алынган.
Кармалгандарга: 1963-жылы туулган А.У., 1998- жылы туулган С.Т., 1979-жылы туулган АШ., 1983-жылы туулган Э.Э., 1984-жылы туулган М.Д., 1986- жылы туулган Ш.Т., 1993-жылы туулган А.К., 1993-жылы туулган А.у.Э , 1993-жылы туулган К.Н. жана 1970-жылы туулган К.Кга Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү (Зомбулук, талкалоо, өрттөө ж.б менен коштолгон массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүү) боюнча айыбы угузулуп, фигуранттар убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда кылмыш ишинин алкагында топтун башка катышуучуларын жана анын ишмердүүлүгүн каржылагандарды аныктоо боюнча бир катар тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.



