7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Автобус айдап баратып тамеки чеккен айдоочу жоопко тартылды

3

Коомдук транспорт айдоочусу рулда тамеки чеккени үчүн жоопко тартылды. Бул тууралуу МККБнын Басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин, социалдык тармактарга коомдук транспорт айдоочусунун рулда бара жатып тамеки чеккени тартылган видео тараган.

Бул факты боюнча айдоочунун мындай аракети жүргүнчүлөрдүн жана башка жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугуна коркунуч жаратат.

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери айдоочуну аныктап, профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү жана анын кыймыл-аракетине карата тиешелүү бузуу жөнүндө протокол түзүлдү.

МККБ бардык коомдук транспорт айдоочуларын жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, ошондой эле транспорт ичинде жана айдап бара жатып тамеки чекпөөгө чакырат. Мындай мыйзам бузуу коопсуздукка түздөн-түз коркунуч жаратып, мыйзам чегинде токтотулат.

 

4