7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Үч-Коргон ГЭСинин №2 гидроагрегаты өндүрүштүн көлөмүн көбөйттү

224

Үч-Коргон ГЭСинин экинчи гидроагрегаты модернизациядан өтүп, электр энергиясын туруктуу берүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

ГЭСтин бул гидроагрегаты станция эксплуатацияга берилген 1962-жылдан бери биринчи жолу мындай көлөмдөгү капиталдык ремонттон жана толук алмаштыруудан өттү.

Реконструкциянын жүрүшүндө:

  • турбинанын жана генератордун негизги түйүндөрү толугу менен алмаштырылды;
  • автоматика, муздатуу, май басымы жана башкаруу системалары заманбап үлгүгө жаңыртылды;
  • дүйнөлүк алдыңкы технологиялар киргизилип, станциянын ишенимдүүлүгү жана эффективдүүлүгү бир кыйла жогорулады.

Жаңы гидроагрегаттын орнотулган кубаттуулугу 45 МВттан 54 МВтка чейин өсүп, 9 МВтка көбөйдү. Агрегат азыр электр энергиясын туруктуу жана жогорку көрсөткүчтөр менен берүүдө.

Бул Үч-Коргон ГЭСтин жалпы өндүрүш көлөмүн көбөйтүп, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого олуттуу салым кошот. Модернизациянын негизги иштери Кытайдын CNEEC компаниясы тарабынан аткарылды.

Бүгүнкү станциянын ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун дагы жогорулатуу максатында бир катар иштер активдүү жүрүп жатат.

225