7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин расмий жолугушуусу болуп өттү

14

Бүгүн, 26-ноябрда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен өлкөгө мамлекеттик сапары менен келген Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Жогорку даражалуу коноктун кортежи “Ынтымак Ордо” имаратына атчан аскерлердин коштоосунда келди.

Флагштокторго Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттик желектери илинип, ардактуу кароол тизилип, этно-жоокерлер катышты.

Өлкө лидерлери бири-бири менен саламдашып, эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды. Ардактуу кароол ротасынын командиринин рапортунан кийин мамлекет башчылары катарды кыдырып чыгышты.

Мамлекет башчылары аземдин жүрүшүндө тууга таазим этишти. Россиянын Президенти ротага кайрылып, “Салам аскер!” деп саламдашты.

Андан соң Президент Садыр Жапаров жана Россиянын Президенти Владимир Путин өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырышты, мындан кийин ардактуу кароол мамлекет башчыларынын алдынан салтанаттуу марш менен өттү.

Саламдашуу аземинен жана биргелешип сүрөткө түшкөндөн кийин лидерлер сүйлөшүү залына бет алышты.

15