7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузакта жол эрежесин бузган үгүтчүлөргө айып салынды

155

Сузак районунда жол эрежесин бузган үгүтчүлөргө айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Анын айтымында, социалдык тармактарда шайлоо үгүтчүлөрү тарабынан жол кыймылынын эрежелерин бузган видео тараган. Тасмада айдоочунун жол эрежелерин сактабагандыгы байкалган.

Бул маалымат боюнча жол инспекторлору ыкчам чара көрүшүп, эреже бузган айдоочуну аныкташты. Ага карата Укук бузуулар кодексине ылайык, 1000 сом өлчөмүндө айып салынды.

Ошондой эле айдоочуга жол кыймылынын коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзам талаптарын так аткаруу эскертилди.

156