7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Виктор Хренин: ЖККУ сын айтылганына карабай, өз күчүн жоготпой келет

261

Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлери менен жолугушууда уюмдун алкагында мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечеги талкууланды. Бул тууралуу журналисттерге Беларустун коргоо министри Виктор Хренин билдирди.

Ал белгилегендей, ЖККУнун алкагында негизги жыйынтыктар чыгарылды.

«Бүгүнкү күндө ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрликтеринин ортосунда кол коюлган, коргоо ведомстволорунун өз ара аракеттенүү пландарына киргизилген иш — чаралардын комплекси макулдашылды», — деди ал.

Журналисттердин ЖККУ маанисин жоготуп жатат деп айтылган пикирге карата берген суроосуна Хренин бул «болбогон кеп» деп жооп берди.

«Мындай кептерди ушундай көз караштагы адамдар айта беришет. ЖККУнун бүгүнкү күндө өз күчү бар. Мисалы, Казакстанда 2022-жылы өлкөнү ичинен ыдыратуу аракетине, чакырыктарга тез жооп бере аларыбызды көрсөттүк», — деп билдирди министр.

262