7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМКнын Тоң райондук бөлүмчөсүнүн жаңы имараты ачылды

15

Бүгүн, 2025-жылдын 27-ноябрында УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Тоң райондук бөлүмчөсүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган иш-чарага УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилиги, УКМК ардагерлери жана башкармалыктын өздүк курамы катышты.

Жаңы имарат толугу менен заманбап техникалар менен жабдылып, аскер кызматкерлеринин улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгында жемиштүү иштөөсү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Керектүү байланыштык каражаттар жана тармактык жабдуулар жайгашкан.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бөлүмчөнүн кызматкерлерин куттуктап, атайын кызматтардын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча иш-чаралар тынымсыз жүрүп жаткандыгын белгиледи. Мындан улам, кызматкерлердин ишмердүүлүгү таза жана адилеттүү болуусу керек деген талап коюлду. Жемкорлук жана башка мыйзамсыз иштер менен күрөшүү, өзгөчө коопсуздук кызматкерлери арасында катуу көзөмөлгө алынары кошумчаланды.

Тоң райондук бөлүмчөсүнүн жаңы имараты жергиликтүү элдин, жалпы өлкөнүн коопсуздугун камсыздоодо мааниси чоң экени айтылып, генерал-полковник жалпы кызматкерлерге ийгилик каалады.

Иш-чаранын соңунда УКМК төрагасы К.Ташиев Тоң районунун жергиликтүү тургундары менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн угуп, тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.

16