7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Аты-жөнүн билбейбиз, №6ны шайлагыла дешкен» Майыптар үйүндө мыйзам бузуу катталды

330

Төмөнкү Серафимовка мүмкүнчүлүгү чектелгендер үйүндө мыйзам бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу майыптар үйүнө барган көчмө шайлоо комиссиясы билдирди.

Аталган майыптар үйүндө 100гө чакын жаран жашайт. Алардын баардыгы №6 номурдагы талапкерди шайлоо керектигин айтышкан, бирок анын аты-жөнүн сурашканда «Аты-жөнүн билбейбиз, №6ны шайлагыла дешкен», — деп жооп беришкен.

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды мед.кызматкерлери №6 номурдагы талапкерди шайлоону айтып, көрсөтүп турушкан. Бул мыйзам бузуу экендигин эскертишкенде, айрым жарандардын көзү азиз же өзү кыла албайт деп орой жооп беришкен.

331