7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азыркы учурда өлкөлөрдө 620 шайлоочу добуш берди

371

Кыргызстандан тышкаркы аймактарда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо активдүү уланууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек убактысы боюнча саат 08:00гө карата Россия, Япония, Корея, Кытай, Малайзия жана Монголияда түзүлгөн 22 шайлоо участкасында добуш берүү жүрүүдө.

Азыркы учурда Кыргызстандын добуш берген жарандарынын саны 620 адамды түздү. Добуш берүү процесси штаттык тартипте өтүп жатат.

Жакынкы убакытта башка чет өлкөлөрдөгү калган шайлоо участокторунун ачылышы күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө. Өлкө боюнча 30 көп мандаттуу округ түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат парламентке шайланып келет. Жалпысынан Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат.

372