7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

БШК: Төмөнкү Серафимовка Майыптар үйүндөгү шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылат

254

Төмөнкү Серафимовкадагы Майыптар үйүндөгү шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылат. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, БШКга №25 округдук шайлоо комиссиясынан 2025-жылдын 29-ноябрында «Фейсбук» социалдык тармагында жарыяланган видеожазууларга байланышкан алдын ала текшерүү материалдары каралгандыгы тууралуу чечим келип түшкөн.

Аталган видеолордо Нижняя-Серафимовка айылындагы Карылар жана майыптар үйүндө жайгашкан №7133 шайлоо участогунда добуш берүүнүн купуялуулугу  бузулгандыгынын белгилери бар.

№25 ОШК жыйынынын жыйынтыгы боюнча 29-ноябрда ушул участокто жайдан тышкары добуш берүүнүн жыйынтыктарын бир добуштан жокко чыгаруу чечимин кабыл алып, материалдарды мындан аркы кароо үчүн КР БШКга жөнөттү. БШК келип түшкөн материалдарды шайлоо мыйзамдарына ылайык карап чыгат.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

255