7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шайлоого чет өлкөдөгү 8 миңден ашуун мекендештер катышты

277

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун алкагында Петропавловск-Камчатский шаарында ачылган шайлоо тилкесинде добуш берүү Бишкек шаарынын убактысы боюнча 30-ноябрда саат 14:00дө аяктады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалым болгондой, аталган тилкеде 182 шайлоочу катталып, кезексиз парламенттик шайлоого чет өлкөдөгү 8592 кыргызстандык катышты.

Учурда Россия, Түркия, БАЭ, Сауд Арабиясы, Улуу Британия, Венгрия, Германия, Австрия, Чехия, Словакия, Италия, Бельгия, Швейцария, Франция жана башка мамлекеттердеги 92 шайлоо тилкесинде добуш берүү уланууда.

Белгилей кетсек, өлкөдө бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жатат. Добуш берүүнүн жыйынтыгында 30 округдан катталган 460 талапкердин ичинен 90 депутат шайланат.

278