Жаңы добуш берүү системасы мыйзам бузууларды эң төмөнкү деңгээлге түшүрүп, шайлоону жаңы деңгээлге көтөрдү. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине эксперт Бакыт Жумагулов билдирди.
Анын айтымында, шайлоо тынч жана көзөмөл астында өттү.
«Шайлоочулардын жогорку активдүүлүгүн байкаган жокпуз, бирок одоно мыйзам бузуулардын болбогондугун белгилей кетүү маанилүү. Мен мурдагы системалуу болуп келген шайлоочуларды ташуу, түздөн-түз пара берүү, участкалык комиссиялар тарабынан жасалмалоо сыяктуу мыйзам бузууларды айтып жатам. Бул шайлоодо мындай фактылар дээрлик жокко чыгарылганы дароо көзгө урунду», — дейт Жумагулов.
Эксперт белгилегендей, алдыда шайлоо комиссияларынын шайлоо фонддорун жана үгүт өнөктүктөрүн каржылоо булактарын текшерүү боюнча дагы иши бар, бул дагы жыйынтыктоочу натыйжаларга таасир этиши мүмкүн. Бирок, жалпысынан процесс олуттуу мыйзам бузууларсыз, үзгүлтүксүз өттү.»Аралыктан добуш берүү өзгөчө көңүл бурду. Бирок, тажрыйба көрсөткөндөй, ал жарандардын катышуусун бир топ жеңилдетти. Мен өзүм бул мүмкүнчүлүктү колдондум: Ошто жүрүп, Бишкектин Ленин районунда каттоого турганым менен добуш бере алдым. Кесиптештерим да ар бири өз участогунда ушундай кылышты. Бул шайлоочулар үчүн бир топ ыңгайлуу болду», — деп баса белгиледи ал.
Эксперт шайлоо процессиндеги жаңы механизмдер мурда №2 формасынын айланасында пайда болгон коррупциялык тобокелдиктерди дээрлик жойгондугун өзгөчө белгиледи. Мурдагы шайлоолордо бул форма талапкерлер тарабынан жергиликтүү бийлик органдары менен сүйлөшүп алып, «өз» шайлоочуларын ташуу үчүн көп колдонулчу. Жаңы система мындай схемаларды толугу менен нейтралдаштырды. «Биз шайлоо системасынын эволюциялык өнүгүүсүн байкап жатабыз деп айтсак болот. Адилеттүү жана ачык-айкын шарттар түзүлдү, бул жаңы этап. Биздин шайлоо системабыз дагы бир тепкичке көтөрүлдү», — деген сөзүн жыйынтыктап.



