7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акбалык Жумалиева: Ички миграциядагы жарандарыбызга аралыктан добуш берүү жакшы мүмкүнчүлүк болду

302

Аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгү аркылуу мурунку парламенттик шайлоолорго салыштырмалуу добуш берүүнүн саны көтөрүлдү. Бул тууралуу БШК мүчөсү Акбалык Жумалиева “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, болуп өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу 37 пайыздын тегерегинде болду.

“Бул аралыктан добуш берүүнүн себеби. Көбүнчө ички миграцияда жүргөн жарандарыбыз мурда шайлоого катыша албай калышчу. Быйыл алар үчүн аралыктан добуш берүү жакшы мүмкүнчүлүк болду. Андан сырткары, өз иштери менен башка жерде жүргөн жарандарыбыз өздөрүнүн шайлоо тилкесине жетпей, добуш бере албай калган учурлар да болчу. Бул жолку шайлоодо өзүнүн округунан сырткары жүргөн жерде да добуш беришип, социалдык тармактар аркылуу ыраазычылык менен кайрылган жарандарыбыз болуп жатты”, — деди Жумалиева.

Белгилүү болгондой, аралыктан добуш берүүдө шайлоочу 3 документтин бири менен добуш бере алат – эл аралык паспорт, ички ID паспорту жана “Түндүк” тиркемеси аркылуу.

Эскерте кетсек, кечээ, 30-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү.

303