7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жарнама тартуу учурунда автоээнбаштык жасаган айдоочулар кармалды

16

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган үч даана BMW үлгүсүндөгү унаанын айдоочулары кармалды.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, айдоочулар жарнама үчүн видео тасма тартуу максатында унааларды чоң ылдамдыкта башкарып, жүргүнчүлөрүнүн терезеден тулку бойдон чыгышына жол беришкен.

Бул аракеттер жол кыймылынын башка катышуучуларына түз коркунуч жаратып, коопсуздук эрежелеринин талаптарын бузган. Текшерүү учурунда айдоочулардын мурдагы төлөнбөй калган айып пулдары бар экени аныкталып, алар жеринде төлөтүлдү.

Бул факт боюнча үч унаанын экөөсүнө 16 миң сом өлчөмүндө айып салынып, транспорт каражаттары айып короо жайына киргизилди.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

17