Ошто добуш сатып алынууда делген видео текшерилип жатканын облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2025-жылы 1-декабрда “Azia Kyrgyzstan” аттуу аккаунт Facebook аркылуу №5249 шайлоо участкасында добуш сатып алуу аракеттери тууралуу видео тараган.
Бул факты Ош ОИИБге каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Учурда бул факт боюнча окуянын чоо-жайын тактоо жана текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



