7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Төө- Ашууда “Келечек” альтернативдик туннели курулат

332

Төө-Ашуу ашууда «Келечек»альтернативдик тоннелин курулат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.

Маалым болгондой бүгүн Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жана «Тез Жол» ЖЧК башында турган компаниялардын консорциумунун ортосунда Төө-Ашуу ашуусундагы «Келечек»альтернативдик тоннелин куруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Деңиз деңгээлинен 2200 м бийиктикте жайгашкан, узундугу 11,5 км түзгөн жаңы тоннель жыл бою коопсуз жүрүүнү камсыздайт. Долбоордо эки төлөм алуу пункту, жалпы 31,3 МВт кубатындагы эки кичи ГЭС жана заманбап башкаруу системасы да каралган.

Жалпы инвестициянын көлөмү 640 млн АКШ долларына жетет. Долбоор толугу менен жеке өнөктөш тарабынан каржыланат. Ал эми долбоорду ишке ашыруу жана эксплуатациялоо мөөнөтү 49 жылга белгиленген.

333