2019-жылдан баштап, Чынгыз Кондубаев аттуу айдоочу, анын айынан Сания Шакирова каза болгон, алкоголдук ичимдиктин таасиринде транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн жети жолу кармалды. Бул мыйзам бузуулар төмөнкү даталарда катталган:
• 2020-жылдын 21-июну,
• 2021-жылдын 4-апрели,
• 2021-жылдын 28-сентябры,
• 2024-жылдын 16-апрели,
• 2024-жылдын 14-июну,
• 2025-жылдын 14-июлу,
• 2025-жылдын 30-ноябры.
Урматтуу айдоочулар!
Мыйзам боюнча транспорт каражатын алкоголдук абалда башкаруу катуу тыюу салынат. Биз дагы бир жолу эскертебиз:
Алкоголдук абалдагы айдоочу — бул потенциалдуу өлтүргүч.
Бул сөз гана эмес — бул адам өмүрү менен байланышкан чыныгы трагедия.
Эсиңизде болсун: жол коопсуздугу ар бирибизден башталат.
Өзүңүздү жана айландагыларды коргоңуз.
Алкоголдук абалда рулга отурбаңыз жана жол эрежелерин сактаңыз.
Бишкек шаарынын МККБнын басма-сөз кызматы



