7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектеги №23 үч кабаттуу орто мектептин курулушу уланууда

264

Бишкек шаарынын  мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Жибек-Жолу проспектиси, 281 дарегинде жайгашкан №23 орто мектеп үчүн жаңы имарат куруу долбоорун ишке ашырууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы имарат үч кабаттуу, жертөлөсү бар. Жалпы аянты 5199,19 чарчы метрди түзөт жана мектеп 560 окуучуга ылайыкташтырылган.

Аймак жашылдандырылып, кичи-футбол аянтчасы, баскетбол жана волейбол аянтчалары, машыгуу аянты, оюн аянтчасы, асфальтбетон жана таман таш төшөлмө, жаан-чачын үчүн канализация системасы жана өрткө каршы тилкелер сыяктуу ыңгайлуу шарттар менен жабдылат.

Учурда спорт залда жана жыйындар залында кыш төшөө иштери жүрүп жатат. Үчүнчү кабаттын каркасын чогултуу иштери башталды. Футбол жана баскетбол аянтчаларынын курулушу да уланууда.

265