7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиевдин килемдеги сүрөтүн көрсөтүп, ири суммадагы алдамчылык кылган жигит кармалды

176

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары –УКМК төрагасынын атын жамынып, ири суммадагы акчаны ээлеп алган алдамчы кармалды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдирди.

Б.у.Т. аттуу кыргыз жараны УКМК төрагасы менен байланышы бар экенин шылтоо кылып, Д.А.А.нын ишенимине кирип, ар кандай иштер үчүн системалуу түрдө каражат алган. 2024-жылдан 2025-жылга чейин ал ири суммадагы акчаларды ээлеп алган.

Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө Б.у.Т. жабырлануучуларга телефон аркылуу Камчыбек Ташиевдин сүрөтү чегерилген килем-портретин көрсөткөнү, ал аны төрагага белек катары алганын айткан. Бирок аталган килем-портретте УКМК төрагасынын үч эмес, төрт генералдык жылдызы тартылганы менен айырмаланган.

Бул факт боюнча «алдамчылык» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, аталган жаран камакка алынган.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

177