7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош облусуна жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү тааныштырылды

2

Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Ош облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлү болуп жаңы дайындалган Аманкан Кенжебаевди тааныштырды.

Иш-чарага Ош шаарынын мэри, аппарат кызматкерлери, район акимдери, ошондой эле облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери, аксакалдар катышты.

Данияр Амангельдиев Президенттин тапшырмаларын так аткаруу зарылдыгын баса белгилеп, бул жаатта Аманкан Кенжебаевдин тажрыйбасы бар экенин айтып, жаңы кызматына ийгилик каалады.

Ошондой эле буга чейин Ош облусун башкарып келген Эльчибек Джантаевди расмий узатуу аземи да өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Эльчибек Джантаев кызматтык ишинде мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн координациялап, райондорго үзгүлтүксүз чыгып, калк менен тыгыз байланышта болуп, социалдык жана инфраструктуралык маселелерди чечүүгө өзгөчө көңүл бурганы үчүн жогору бааланып, “Ош облусунун ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды.

3