7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлүм жазасын киргизүү сунушун Конституциялык сот карап чыгат

283

Баш мыйзамга өлүм жазасын киргизүү тууралуу президент Садыр Жапаровдун сунушу келип түшкөн. Бул тууралуу Конституциялык соту жазды.

Балдарга карата сексуалдык мүнөздөгү өзгөчө оор кылмыштар, ошондой эле зордуктоо менен коштолгон өлтүрүү үчүн мыйзамга өлүм жазасын киргизүү сунушталган.

Конституциялык сотко «Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбооруна корутунду берүү тууралуу президенттин сунуштамасы келип түштү.

Тиркелген материалдарда көрсөтүлгөндөй, бул демилге балдарга жана аялдарга каршы өзгөчө оор кылмыштардын санынын өсүшү менен шартталган жана алардын конституциялык-укуктук жактан корголушун күчөтүүгө багытталган.

Ушул жылы Ысык-Көл облусунда 17 жаштагы окуучу кыз Айсулуу Мукашева мыкаачылык менен өлтүрүлгөндөн кийин Садыр Жапаров өлүм жазасын кайтаруу демилгесин көтөргөн.

 

 

284