7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен жолукту

216

Бүгүн Исламабад шаарындагы премьер-министрдин кеңсесинде президент Садыр Жапаровдун Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Президент Садыр Жапаровду Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф тосуп алды.

Өз ара саламдашуудан кийин эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери аскердик оркестрдин коштоосунда жаңырды. Ардактуу кароол командири саламдашуу рапортун берди.

Андан соң салтанаттын алкагында Садыр Жапаров Ардактуу кароол командиринин коштоосунда килем төшөлгөн жол менен өттү. Кыдыруу аяктаган соң эки мамлекеттин расмий делегацияларынын мүчөлөрү менен лидерлердин кыскача саламдашуусу болду.

Расмий салтанаттан кийин Мамлекет башчысы жана Пакистандын премьер-министри биргелешип бак отургузууга катышып, андан соң сүйлөшүүлөр үчүн залга бет алышты.

217