7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мобилдик тиркемелер аркылуу комиссиясыз акча которуу мөөнөтү узарды

299

Улуттук банк 3-декабрда «Акча которуулар боюнча комиссиялык сый акы алууга убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө» токтом кабыл алды. Ага ылайык, 2026-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин кардарлар өлкөдө сом менен мобилдик тиркемелер, интернет-банкинг аркылуу акча которсо коммерциялык банктарга, төлөм уюмдарына ал үчүн комиссия алуусуна тыюу салынат.

Улуттук банк былтыр 25-ноябрдан тартып мобилдик банкинг аркылуу акча которууда комиссия алуу быйылкы жылдын аягына чейин токтотулганын билдирген.

Мындай тыюу терминалдар аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөргө тиешеси жоктугун, чет элдик валюта которууда дагы иштебей турганын, сомдон башка валюта менен акча которууда мурункудай эле комиссия алынарын маалымдаган.

300