Бүгүн, 8-декабрь саат 08:30га карата өлкөнүн ашууларында жол ачык жана каттамдар үзгүлтүксүз жүрүүдө. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жол тейлөө ишканалары өздөрүнө бөлүнгөн аймактарды толук көзөмөлдөп, жолдорду тазалоо жана инерттик материалдарды чачуу иштери жүргүзүлүүдө.
Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жатат, жол ачык, каттам бар.
Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк ашуусунду күн бүркөк, жол ачык, Каракол – Эңилчек, Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат, жол ачык, каттам бар.
Ошондой эле Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун Долон ашуусунда кар жаап жатат, Кызыл-Бел, Чар, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары жана Боом капчыгайларында ала булут каптап жатат, каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө.



