Кыргызстанда алма импортун алты айга убактылуу токтотуу демилгеси көтөрүлдү. Бул сунушту Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги киргизип, учурда тиешелүү токтомдун долбоорун иштеп чыгууда.
Министрликтин маалыматына ылайык, быйыл өлкөдө алма түшүмү болжол менен 179,4 миң тоннага жетери күтүлүүдө. Ал эми республика боюнча түшүм бере турган алма бактарынын жалпы аянты 26,3 миң гектарды түзөт.
Ведомство бул чараны ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн быйылкы түшүмүн өз убагында сатууга шарт түзүү жана түшүмдүн ысырап болушун алдын алуу максатында сунуштап жатат.
Министрликтин билдирүүсүндө, импортту убактылуу чектөө жергиликтүү дыйкандардын сезондук продукциясын ички рынокто өткөрүүсүнө көмөк көрсөтүүгө багытталганы айтылат. Ошол эле учурда чечим кабыл алууда калктын алмага болгон талабын камсыз кылуу жана продукциянын баасы менен жеткиликтүүлүгүнө таасир эте турган жагдайлар да эске алынары белгиленди.
Алма алып келүүгө коюлушу мүмкүн болгон чектөөнүн так мөөнөтү жана анын шарттары токтомдун долбоору каралып, тиешелүү чечим кабыл алынгандан кийин аныкталат.



