61 жаштагы Донна Джин Уайлд 5 саат планкага туруп, дүйнөлүк рекордду жаңылады. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазышууда.
Маалыматка ылайык, ал планкага 5 саат туруп, өзүнүн 2025-жылы жасаган рекордун (4 саат 30 мүн) жаңырткан. Рекорд World Senior Games оюндарында катталды.
Анын 5 баласы, 12 небереси бар. Пенсияга чыкканга чейин мугалимдик кесипти аркалаган. Ал планканы 2013-жылы колу сынып калганда баштаган. Пандемияда балдары сынап көрүүнү сунуштаганда 2 саат турган.
2023-жылдан бери рекордго максаттуу даярданган.



