7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министр Эрлист Акунбеков былтыр 4 айга УКМКнын СИЗОсунда отуруп чыкканын айтты

2

Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков 2025-жылдын 29-августунан 29-декабрына чейин СИЗО-1де төрт ай кармалганын билдирди. Анын айтымында, ага салык кызматынын мурдагы жетекчисинин иши боюнча “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга көмөктөшүү” беренеси менен айып тагылган.

Акунбеков ошол учурда аны менен бирге 30дан ашык ири ишкер кармалганын айтып, айрымдары белгилүү бир сумманы төлөгөндөн кийин бошотулганын белгиледи. Министр өзү күнөөсү жок экенин айтып, айыпты мойнуна алуудан баш тартканын билдирди.

Анын айтымында, ал көп жылдан бери айыл чарба тармагында ишкерлик менен алектенип, жер семирткич, үрөн, айыл чарба техникасы жана ветеринардык препараттарды импорттоп келген. Министр бул товарлар КНСтен бошотулганын жана алар боюнча 3% бирдиктүү салык төлөнөрүн белгилеп, ага 3 млрд сом өлчөмүндө салыктык доо коюлушун негизсиз деп атады.

“Байлыгың бар экен, ошон үчүн көбүрөөк төлөйсүң” деген мамиле болгонун Акунбеков билдирди.

Министрдин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 24-февралында УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөө тобунун жетекчиси анын аракеттеринде кылмыштын курамы жок экендигине байланыштуу кылмыш куугунтугун токтотуу тууралуу токтом чыгарган.

Акунбеков мамлекеттик тендерлерге эч качан катышпаганын, мамлекеттен акча, мамлекеттик кредит же башка ушул сыяктуу каражаттарды албаганын да билдирди.

Учурда Эрлист Акунбеков Айыл чарба министрлигин жетектейт. Ал мындан ары 15 жылдык тажрыйбасын өлкөнүн айыл чарбасын өнүктүрүүгө, фермерлерди жана дыйкандарды колдоого жумшай турганын айтты.

“Максатым кимдир бирөөнү сөз менен каралоо эмес, ак эмгегим менен элге кызмат кылуу”,-деди министр.

3