7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Беш-Таш” коругунда жапайы жаныбарлар фотокапканга түштү

285

«Беш-Таш» мамлекеттик жаратылыш коругунда орнотулган фотокапкандарга бир катар жапайы жаныбарлар түштү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдирди.

Бул мониторинг коруктун биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо жана жаныбарлардын санын илимий негизде байкоо максатында жүргүзүлүүдө. Фотокапкандардан алынган маалыматтар экологиялык саясатка жана коргоо чараларына негиз болуп кызмат кылат.

Белгилей кетсек, “Беш-Таш” коругу 1996-жылы Кыргызстандын түндүк-батышындагы табигый комплекти жана биологиялык ар түрдүүлүгүн коргоо максатында уюшулган.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

286