7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айыл чарба министрлиги жаш ветеринарларды колдоо программасын ишке киргизүүдө

13

Кыргызстанда жаш адистерди колдоо үчүн «Жаш ветеринар: турак жай жана карьера» аттуу пилоттук программа ишке киргизилерин билдирди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Программа ветеринардык кадрлардын жетишсиздигин азайтууга, алыскы жана айылдык аймактарда жаш адистерди кармап калууга, ошондой эле ветеринардык көзөмөлдүн сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Белгиленгендей, токтомдун долбоору компетенттүү мамлекеттик органдардын алгачкы кароосунан өтүп, учурда тактоо жана толуктоо баскычында турат.

Пилоттук программанын алкагында 12 айдын ичинде 60 жаш адиске катышууга мүмкүнчүлүк берилет. Катышуучулар кеминде 5 жыл иштеп берүү боюнча милдеттенме алышат.

Программа төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • көтөрүм акыларды берүү;
  • ипотекага баштапкы төлөм чогултууга арналган атайын депозитке ай сайын каражат топтоо;
  • батир ижарасын компенсациялоо же кызматтык турак-жай менен камсыз кылуу.

«Турак-жай + карьера» модели аймактарды жаш ветеринарлар менен камсыз кылып, мамлекеттик ветеринардык кызматтын сапатын жогорулатууга, биокоопсуздукту бекемдөөгө жана айыл аймактары үчүн оң социалдык-экономикалык таасир жаратууга багытталган.

Министрлик бул демилгенин социалдык жактан маанилүү жана каржылык жактан туруктуу экенин белгилеп, жарандардын сунуш-пикирлерин кабыл алууга даяр экенин кошумчалайт.

14