Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкексвет» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.
«Ч.Айтматов атындагы шаардык паркты жакшыртуу үчүн жарыктандыруу мамыларын сатып алуу боюнча мамлекеттик сатып алуулар учурунда көптөгөн мыйзам бузуулар катталган. Тактап айтканда, Кылмыш-жаза кодексинин 339-беренеси (Атайлап пайдасыз келишим түзүү) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 5-декабрда тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, «Бишкексвет» МИнин кызмат адамдарынын подрядчы менен алдын ала сүйлөшүп, атайылап пайдасыз келишим түзүп, өзгөчө ири өлчөмдө каражаттарды өздөрүнө ыйгарып алышкан. Натыйжада, «Бишкексвет» МИнин директору Т.Э.Т.га, башкы инженер И.Э.И.ге жана «ТС» ЖЧКсынын директору Н.Р.А.га кармалып, тергөө абагына камалышкан», — деп берилет маалыматта.
УКМК мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ушундай эле мыйзам бузууларды аныктоого багытталган ыкчам иш-чараларды жүргүзүүнү улантууда.




