Климаттын өзгөрүшү суу экосистемаларына олуттуу коркунуч жаратууда. Бул тууралуу Эл аралык тоо күнүнө арналган конференцияда суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Алмаз Жээналиев билдирдиргенин Кабар агенттиги жазды.
“Бүгүн биз өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон маанилүү теманы талкуулоо үчүн чогулуп отурабыз. Бул маселе коомдун, экономиканын өсүшүнө жана мамлекеттин келечегине түздөн-түз байланыштуу. Кабыл алына турган чечимдер жана иштелип чыга турган механизмдер бүгүнкү күнгө гана эмес, келечек муундардын тагдырына да таасир этери чын.
Кыргызстандын суу ресурстары негизинен мөңгүлөрдөн жана тоо сууларынан калыптанат. Бүгүнкү күндө өлкөдө болжол менен 500 миллиард куб метр сууну камтыган 10 миңге жакын мөңгү бар. Бул мөңгүлөр ичүүчү сууну топтоодо жана аны бөлүштүрүүдө негизги ролду ойнойт.
Мөңгүлөрдүн эриши жана дарыя сууларынын топтолушу орточо көп жылдык агымды түзүп, анын көлөмү болжол менен 50 миллиард куб метрди түзөт. Дал ушул агым калкты, экономиканы, айыл чарбасын, энергетиканы жана өнөр жайды суу менен камсыз кылган негизги булак болуп саналат. Бирок, чарбага деген суунун көлөмү чектелүү болуп, бул экономиканын бардык тармактарына таасирин тийгизүүдө”,-деди ал.
Жээналиев ошондой эле учурдагы маселелерди талдап, илимий негиздерге жана элдин чыныгы муктаждыктарына таянуу менен натыйжалуу чечимдерди иштеп чыгуу керектигин белгиледи.
“Бүгүн биз климаттын тездик менен өзгөрүшү жана суу экосистемаларына болгон басымдын күчөшү сыяктуу олуттуу чакырыктарга туш болуп жатабыз. Ошондуктан мамлекеттик органдардын, улуттук жана эл аралык эксперттердин, илимий коомчулуктун жана өнүгүү өнөктөштөрүнүн биргелешкен аракети зарыл. Диалог жана биргелешкен иш аркылуу гана максаттарга жетип, пландарды иш жүзүнө ашыра алабыз. Маалыматтарга ылайык, суунун 95%ы айыл чарбасына, 3,5%ы ичүүчү сууга, 1,5%ы өнөр жайга багытталат. Калктын 60%дан ашыгы айыл жергесинде жашагандыктан, суу миллиондогон адамдар үчүн жашоонун жана туруктуулуктун негизи болуп саналат”,-деп кошумчалады ал.



