«Чүй суу ресурстарынын бассейн башкармалыгы» мамлекеттик мекемесинин башчысы коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атайын кызмат 2022-2024-жылдары Жайыл районундагы Петропавловск каналын капиталдык оңдоо учурунда мамлекетке 12 миллион сом өлчөмүндө зыян келтирилгенин белгиледи.
Тергөөдө бул ишке тиешеси бар деп кармалган аткаминер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда кылмыштын башка катышуучуларын аныктоо иштери жүрүүдө.



