7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлүм жазасын калыбына келтирүү мүмкүн эмес деген чечим чыгарылды

45

Өлүм жазасын кайтаруу Конституцияга жана эл аралык нормаларга каршы келет. Бул тууралуу Конституциялык соттун билдирүүсүндө жазылган.

Маалыматка ылайык, сот «Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбооруна корутунду берүү боюнча президенттин сунуштамасын карап чыкты. Долбоордо балдарды зордуктоо, ошондой эле зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүү үчүн өлүм жазасын колдонуу мүмкүнчүлүгү каралган.

Конституциялык сот фундаменталдык укуктар жагында Баш Мыйзамга кандай болбосун өзгөртүү, алардын системалык мүнөзүн жана инсанды коргоонун конституциялык моделинин иштеши үчүн мүмкүн болуучу кесепеттерин эске алууну талап кылаарын баса белгиледи. Укуктарды жана эркиндиктерди коргоонун деңгээлинин төмөндөшүнө жол берилбестигине өзгөчө көңүл бурулушу керек, анткени алардын туруктуулугу жана ырааттуулугу конституциялык жактан бекемделген адамдын артыкчылыгынын жана кадыр-баркынын мазмунун түзөт.

Бул контекстте Конституциялык сот өлүм жазасына тыюу салуу жана жашоого болгон укуктун артыкчылыктуу маанисин таануу ченемдик гана эмес, ошондой эле фундаменталдык баалуулук өлчөмүнө ээ деп эсептейт. Алар мамлекеттин жана элдин бул жаза чарасын колдонууну жокко чыгарган укуктук режимди тандоосун чагылдырат», — деп жазылган.

Конституциялык түзөтүү аркылуу өлүм жазасын кайтаруу бул стандарттардан баш тартууну, укуктук өнүгүүнүн ырааттуулугун үзгүлтүккө учуроосун, инсандын кадыр-баркынын артыкчылыгына жана анын укуктары менен эркиндиктеринин кепилдиктерин бекемдөөгө багытталган конституциялык вектордон четтөөнү билдирери белгиленген. «Конституциялык сот ошондой эле каралып жаткан маселенин эл аралык-укуктук өлчөмүн да белгиледи.

Эл аралык келишимдер укугу жөнүндө Вена конвенциясына ылайык, мамлекет келишимди аткарбоону актоо үчүн өзүнүн ички укугунун жоболоруна таяна албайт, ал эми анын аракетин кыскартуу же токтото туруу так аныкталган учурларда гана мүмкүн. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын экинчи Факультативдик протоколу өлүм жазасын толук жана биротоло жоюуну максат кылат жана денонсациялоо механизми каралган эмес.

Бул, Протоколго кошулуу менен мамлекет өлүм жазасын кайра киргизбөө жана эч кандай шартта ага кайрылбоо боюнча мөөнөтсүз милдеттенме алды дегенди билдирет. Мындай шарттарда ички укукка өлүм жазасын киргизүү Кыргыз Республикасын өзүнүн келишимдик милдеттенмелерин бузган мамлекеттин абалына алып келет, бул конституциялык жактан бекитилген эл аралык укукту таануу жана эл аралык келишимдерди ак ниеттүүлүк менен аткаруу принцибине туура келбейт», — деп айтылат билдирүүдө.

Жыйынтыгында Конституциялык сот өлүм жазасын калыбына келтирүү Баш мыйзамга ылайык келбейт, жол берилгис жана укуктук мааниде мүмкүн эмес деген тыянакка келген. Ошондой эле бул маселе референдумга чыгарылышы мүмкүн эмес жана аны кабыл алуу демилгесин ишке ашыруу боюнча бардык жол-жоболор Конституциялык сотунун Корутундусу күчүнө кирген учурдан тартып токтотулууга тийиш экени кошумчаланган.

Эскерте кетсек, ушул жылдын октябрь айында Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда 17 жаштагы Айсулуу Мукашева зордукталып өлтүрүлгөндөн кийин өлкө башчысы өлүм жазасын кайтаруу маселесин көтөргөн.

Мыйзам долбоору 13-октябрда коомдук талкууга чыгарылып, ага ылайык, өлүм жазасы балдарды зордуктоо же зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүү учурларына карата колдонулушу мүмкүн болгон.

46