Тышкы иштер министрлиги өлкөдө өлүм жазасын калыбына келтирүү маселесине байланыштуу Конституциялык соттун соңку чечимине түшүндүрмө таратты.
Ведомствонун маалыматына караганда, Конституциялык сот өлүм жазасын конституциялык түзөтүү аркылуу кайра киргизүү Баш мыйзамга каршы келет жана укуктук жактан мүмкүн эмес деген тыянак чыгарды.
ТИМ белгилегендей, акыркы мезгилде балдарга жана аялдарга карата өзгөчө оор кылмыштардын көбөйүшү коомчулукту тынчсыздандырды. Каракол шаарында 17 жаштагы кыздын өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишин президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алып, компетенттүү органдарга адамды зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүүгө карата жазаны күчөтүү боюнча мыйзамдык сунуштарды иштеп чыгууну тапшырган.
13–28-октябрь күндөрү Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору жана Кыргызстандын БУУнун Өлүм жазасын жоюуга багытталган Экинчи факультативдик протоколго кошулуу жөнүндө мыйзамын жокко чыгаруу боюнча долбоор коомдук талкуудан өттү. Талкуунун жыйынтыгында катышуучулардын басымдуу бөлүгү өлүм жазасын киргизүүгө каршы пикирин билдиришти.
2-декабрда президент Конституцияга өзгөртүү киргизүү долбоорун расмий корутунду алуу үчүн Конституциялык сотко жөнөткөн. Сот болсо Конституциялык жана эл аралык-укуктук нормалардын негизинде өлүм жазасын калыбына келтирүү мүмкүн эмес экенин белгиледи.
Белгиленгендей, ушул чечимден кийин аталган мыйзам долбоорун референдумга алып чыгууга жол берилбейт жана демилге боюнча бардык жол-жоболор токтотулууга тийиш.
Министрлик эске салгандай, Кыргызстан катышуучусу болгон Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын Экинчи факультативдик протоколу өлүм жазасын толук жоюуну көздөйт жана андан чыгуунун механизми жок. Бул мамлекетке өлүм жазасын кайра киргизбөө боюнча мөөнөтсүз милдеттенме жүктөйт. Ошондуктан өлүм жазасын кайра мыйзамдаштыруу Кыргызстанды эл аралык келишимдерди бузган тараптын абалына алып келмек.
ТИМ Кыргызстан укуктук мамлекет катары эл аралык милдеттенмелерин мындан ары да так аткара турганын, ошол эле учурда балдарга жана аялдарга каршы кылмыштар үчүн жазаларды күчөтүү боюнча улуттук мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизүү иши улана турганын кошумчалады.



